Россияга бара жаткан кыргызстандыктарга маанилүү эскертүү
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россия Федерациясына иштөө үчүн бара жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын migrant.kg сайты аркылуу Россия аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинде бар-жогун алдын ала текшерүүгө чакырат.
Министрлик Россия Федерациясында мыйзамдуу жүрүү үчүн милдеттүү жол-жоболорду өз убагында аткаруу зарылдыгын эскертет. Атап айтканда, 30 күндүн ичинде медициналык кароодон өтүү, дактилоскопиялык каттоодон жана сүрөткө тартуудан өтүү, ошондой эле убактылуу жүргөн жери боюнча миграциялык каттоого туруу талап кылынат. Москва шаарына жана Москва облусуна иштөө үчүн келген жарандар миграциялык каттоодон "Амина" тиркемеси аркылуу өтүшү керек, ал эми үй-бүлө мүчөлөрү жалпы тартипте катталат.
Ошондой эле эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүлүп, 90 күндүн ичинде анын негизинде убактылуу жүрүү мөөнөтү узартылышы зарыл.