Тоң районунда 112 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды
Тоң районунда 200 гектарга жакын айдоо жери мамлекетке кайтарылганын Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тоң райондук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Улахол, Ак-Терек, Б.Мамбетов жана мурдагы Тоң (азыркы Күн-Чыгыш) айыл өкмөттөрү тарабынан жалпы 196,83 га айыл чарба багытындагы жер тилкелери 2007-2008-жылдар аралыгында мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 112 млн сомду түзгөн жер тилкелер толугу менен мамлекетке кайтарылды.


