Кеминде мыйзамсыз мергенчилик үчүн 12 500 сом айып салынды
23-24-январь күндөрү Кемин районунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери НАБУ уюмунун жаратылышты коргоо боюнча "Барс" тобу менен биргеликте рейддик иш-чара өткөрүштү.
Министрликтин маалыматына ылайык, рейд 2025-2026-жылдардагы мергенчилик мезгили аяктап баратканына байланыштуу уюштурулуп, анын жүрүшүндө мергенчилердин уруксат берүүчү документтери текшерилди. Ошондой эле жарандарга мергенчилик эрежелерин так сактоо жана жапайы жаныбарларга аяр мамиле кылуу боюнча түшүндүрүү иштер жүргүзүлдү.
Рейддин жыйынтыгында мергенчилик эрежелерин бузган 1 факт катталып, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 263-беренесине ылайык 12 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.


