Оштогу “Келечек” базары жазында пайдаланууга берилет
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жаңы “Келечек” базарын март айында пайдаланууга берүү боюнча тапшырма койгон. Аталган тапшырманын алкагында Ош шаардык базарлар дирекциясы менен соода жайларынын ээлеринин ортосунда келишимдер түзүлүп, соода орундарын номерлөө иштери жүргүзүлгөн.
Учурда соода жайларынын ээлери тарабынан базарда иш баштоого карата тиешелүү даярдык иштери улантылууда. Ошол эле учурда курулуш иштери акыркы баскычка чыгып, объектти толук бүтүрүүгө багытталган чаралар көрүлүүдө.
Өрт коопсуздугун камсыздоо максатында ар бир навестин алдына өрт кырсыгы учурунда суу алуу үчүн атайын гидранттар орнотулуп, алдын алуу иштерине өзгөчө көңүл бурулууда.
Курулуш иштеринин жүрүшү Ош шаарынын мэриясына караштуу Борбордук базарлар дирекциясы муниципалдык ишканасы тарабынан туруктуу көзөмөлгө алынган.