Оштогу тергөөчүлөр пара талап кылгандыгы үчүн кармалды

Оштогу тергөөчүлөр пара талап кылгандыгы үчүн кармалды

Акча талап кылуу фактысы боюнча Кара-Суу жана Араван райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн тергөөчүлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кара-Суу районунун Нариман айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү О.Г.О. тарабынан 3 000 доллар өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы аныкталган.

Такталгандай, кармалган О.Г.О. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, материалдык пайда алуу максатында, 2024-жылы декабрда алдамчылык үчүн катталган факты боюнча тергөөгө чейинки өндүрүштө текшерүү иштерин токтотууну убада кылып, К.у.О. аттуу жарандан 3 000 доллар акча каражатын талап кылган.

Белгилей кетсек, О.Г.О. жана К.у.О. экөөнүн ортосунда Араван райондук милициясынын тергөөчүсү С.Н.С. ортомчулук кылган.

Натыйжада 1 600 доллар акча каражатын алып жаткан жеринен О.Г.О. и С.Н.С. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Мындан тышкары окуңуз

Кеминде мыйзамсыз мергенчилик үчүн 12 500 сом айып салынды

Кеминде мыйзамсыз мергенчилик үчүн 12 500 сом айып салынды

23-24-январь күндөрү Кемин районунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери НАБУ уюмунун жаратылышты коргоо боюнча "Барс" тобу менен биргеликте рейддик иш-чара өткөрүштү. Министрликтин маалыматына ылайык, рейд 2025-2026-жылдардагы мергенчилик мезгили аяктап баратканына байланыштуу уюштурулуп, анын жүрүшүндө мергенчилердин уруксат берүүчү документтери текшерилди. Ошондой эле жарандарга

"АгроДиалог-2026": Кыргызстанда айыл чарбанын чемпиондору аныкталат

"АгроДиалог-2026": Кыргызстанда айыл чарбанын чемпиондору аныкталат

18-19-20-21-февраль күндөрү Кыргызстанда агроөнөр жай тармагы үчүн маанилүү болгон "АгроДиалог-2026" агроөнөр жай форуму өтөт. Иш-чаранын алкагында республика боюнча айыл чарба тармагындагы мыктылардын мыктысы аныкталып, 20 өсүмдүк өстүрүү жана 20 мал чарбачылыгы боюнча чемпионтандалат. Форумга жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн агрардык тармактын алдыңкы эксперттери, ошондой эле тажрыйбалуу дыйкан-фермерлер катышат.

Ошто күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

Ошто күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош облусунда күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу жана жүгүртүүнү аныктоо максатында рейддик иш-чараларды өткөрдү. Текшерүү учурунда тиешелүү уруксат кагаздары жок, беш автоцистерна аркылуу белгиленбеген аймактарда көчмө чекене соода жүргүзгөн мыйзамсыз күйүүчү май сатуу түйүндөрү аныкталды. Аталган мыйзам бузуу фактылары боюнча автоцистерналардын ээлерине административдик айып салынды. Транспорт каражаттары

Кыргызстан Кореянын айыл чарба тажрыйбасын өздөштүрөт

Кыргызстан Кореянын айыл чарба тажрыйбасын өздөштүрөт

Бишкек шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кореянын айылдык коомчулуктарды өнүктүрүү корпорациясынын (KRC) ортосунда стратегиялык кызматташтык боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Документ Кыргызстандын айыл чарба секторун өнүктүрүү үчүн корей тараптын алдыңкы тажрыйбасын жана технологияларын киргизүүгө багытталган. Кызматташтыктын негизги багыттарына