Өзгөндө 1 020 батирлүү турак жай комплекси курулуп жатат

Өзгөндө 1 020 батирлүү турак жай комплекси курулуп жатат

Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарында заманбап турак жай комплекси курулуп жатат. Комплекс 18 өз алдынча блоктон туруп, ар бир имарат 5 кабаттуу болуп салынууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

Жалпы 1 020 батир каралган. Турак жай комплекси өзүнүн отканасы, автоунаа ээлери үчүн кенен унаа токтотмо жайы менен камсыздалат. Ошондой эле балдар үчүн коопсуз жана заманбап оюн аянтчасы курулат.

Долбоордун ички инфраструктурасы тургундар үчүн тынч, коопсуз жана жайлуу жашоо шарттарын түзүүгө багытталган.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек шаарында үлүштүк курулуштун катышуучулары үчүн техпаспортторду тариздөө жана келишимдерди каттоо боюнча убактылуу эрежелер киргизилерин шаар мэриясы билдирди. 2026-жылдын 12-мартындагы тескеме муниципалдык жер тилкелеринде курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү үлүшчүлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Документ Кыргыз Республикасынын президентинин турак жайга болгон укуктарды каттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында кабыл алынган.

Binance Кыргызстанда криптовалюта менен төлөм жүргүзүүнү өнүктүрүү үчүн BAKAI экосистемасы менен өнөктөштүк түзгөнүн жарыялады

Binance Кыргызстанда криптовалюта менен төлөм жүргүзүүнү өнүктүрүү үчүн BAKAI экосистемасы менен өнөктөштүк түзгөнүн жарыялады

Binance — дүйнөдөгү алдыңкы глобалдык блокчейн экосистемаларынын бири жана соода көлөмү боюнча эң ири криптовалюта биржасы болуп саналат. BAKAI экосистемасы Binance Pay менен BAKAI’га негизделген жаңы чечимди ишке киргизгенин жарыялады. Бул чечим өлкөнүн каалаган жеринде криптовалюта аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жаңы мүмкүнчүлүк Binance Pay инфраструктурасын

Э.Акунбеков: Эттин баасын турукташтыруу үчүн эт кластери түзүлөт

Э.Акунбеков: Эттин баасын турукташтыруу үчүн эт кластери түзүлөт

Кыргызстанда эт өндүрүшүн көбөйтүү жана бааны турукташтыруу максатында эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков өлкөдө азык-түлүк бааларын турукташтыруу, айрыкча эттин баасын жөнгө салуу боюнча

Кыргызстанда 1100 ветеринар жетишпейт - Абай Казаков

Кыргызстанда 1100 ветеринар жетишпейт - Абай Казаков

Кыргызстанда болжол менен 2300 ветеринар керек, бирок учурда болгону 1200 адис гана иштеп жатат. Бул тууралуу радио эфиринде Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын эпизоотияга каршы көзөмөл башкармалыгынын башчысы Абай Казаков билдирди. Анын айтымында, административдик-аймактык реформадан кийин айыл өкмөттөрүнүн саны 400дөн 235ке чейин кыскарган.