Жети-Өгүздө 3 миллиондон ашык сом алдамчылык кылгандар кармалды

Жети-Өгүздө 3  миллиондон ашык сом алдамчылык кылгандар кармалды

Жети-Өгүз районунда ири алдамчылыктын бети ачылганы тууралуу Ысык-Көл облустук милициясыдан билдиришти. Милицияга Дархан айылынын тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар анын 37 баш коюн алып, жасалма "кызыл китеп" калтыруу менен 245 миң сомун бербей качып кеткенин билдирген.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында - 1989-жылы туулган Н.Г., 1986-жылы туулган К.А. жана 1995-жылы туулган М.С. шектүү катары кармалды.

Алар ушундай эле жол менен дагы 9 жаранды алдаганы аныкталып, жалпы 10 кылмыш иши козголгон.

Жалпы чыгым 3 млн 342 миң сомду түзүп, анын 1 млн 598 миң сому жабырлануучуларга өндүрүлүп берилди.

Алдын ала суракта шектүүлөр күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышып, Жети-Өгүз райондук соту тарабынан аларга карата бир ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жыл ичинде 4 миңден ашык дарак кесилди

Бишкекте жыл ичинде 4 миңден ашык дарак кесилди

2025-жылы Бишкекте 4 миң 66 дарак кесилген, бул 2024-жылга салыштырмалуу 197,7% көп экени шаарды өнүктүрүү боюнча социалдык-экономикалык программаны жүзөгө ашыруу отчетунда айтылат. Шаар бийлигинин маалыматына караганда, 2023-жылы 1 миң 771 дарак, ал эми 2024-жылы 1 миң 366 дарак кесилген. Чиновниктердин пикиринде, бул "жашыл бак-дарактарды коопсуздукту камсыздоо жана санитардык

Адылбек Касымалиев Стэнфорд университетине тапшырган кыргызстандык  жигитти куттуктады

Адылбек Касымалиев Стэнфорд университетине тапшырган кыргызстандык жигитти куттуктады

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Америка Кошмо Штаттарындагы Стэнфорд университетинде бакалавриат программасы боюнча толук гранттык окууга өткөн Амиртай Бексултанов менен жолугушту.  Министрлер Кабинетинин башчысы Амиртай Бексултановду дүйнөдөгү эң абройлуу университеттердин бирине ийгиликтүү тапшыргандыгы менен куттуктап, бул жетишкендик даярдыктын, максатка жана билимге болгон умтулуунун жогорку деңгээлинин ачык далили экенин баса

Талас шаарында заманбап медциналык борбор ишке кирет

Талас шаарында заманбап медциналык борбор ишке кирет

Талас шаарында аянты 1000 чарчы метрден ашкан заманбап медициналык борбор ишке кирерин Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан билдиришти. Борбордун өзгөчөлүгү — анда миниинвазивдик хирургия жана артроскопия ыкмаларынын киргизилишинде. Буга чейин аймактын тургундары муундардын жаракатынан кийин калыбына келүү же ЛОР-операцияларын жасатуу үчүн Бишкекке келүүгө мажбур болушчу. Жаңы борбордо заманбап жасалма дем алдыруучу аппараттар, жогорку

Кыргызстанда трансферттердин тартиби өзгөртүлөт: акча кыйын аймактарга багытталат

Кыргызстанда трансферттердин тартиби өзгөртүлөт: акча кыйын аймактарга багытталат

Министрлер кабинети республиканын бюджетинен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү максаттуу трансферттердин тартибин өзгөрттү. Документ 2025–2030-жылдарга региондорду өнүктүрүү программаларына ылайык келтирилип, өзгөчө шарттагы аймактарды колдоону күчөтүүгө багытталган. Өзгөртүүлөргө ылайык, каражаттарды бөлүүдө артыкчылык: * шаарларды өнүктүрүүгө; * өсүш борборлоруна; * тоо аймактарына, жетүү кыйын аймактарга; * чек ара райондоруна берилет. Трансферт бөлүү жөнүндө чечим Министрлер кабинети