ЖК комитетинде Жогорку технологиялар паркынын келечеги талкууланды

ЖК комитетинде Жогорку технологиялар паркынын келечеги талкууланды

Бүгүн Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында "Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы" мекемесинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулду.

Маалыматты мекеменин директору Азис Абакиров тааныштырды. Ал өлкөдө IT-сектор активдүү өнүгүп жатканын, кыргыз программисттери эл аралык рынокто суроо-талапка ээ болуп жатканын белгиледи.

Талкуу маалында депутаттар IT-секторду өнүктүрүү, аймактарга инвестиция тартуу, салыктык төлөмдөр, Жогорку технологиялар паркынын кирешелери жана резиденттердин иши тууралуу суроолорду көтөрүштү. Ошондой эле кыргыз-жапон санарип университетин ачуу демилгеси жана өлкөдөгү IT-адистердин саны боюнча маселелер айтылды.

Комитет төрайымы Токтобүбү Ашымбаева Жогорку технологиялар паркы ЖОЖдордогу стартаптарды колдоого, ошондой эле "Алтын түйүн" улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы менен кызматташууга өзгөчө көңүл буруусу зарылдыгын белгиледи. Депутаттар кыргыз тилин өнүктүрүү жана жаңы IT-адистерди колдоо маселелерине да токтолушту.

Мындан тышкары окуңуз

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин ордуна жаңысы курулат

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы мечиттин жамаатына ооз ачар уюштурганын муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди. Шаар башчысы чогулгандарды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктап, бул мезгил ар бир үй-бүлөгө тынчтык, бакубатчылык, береке жана ынтымак алып келсин деген каалоосун билдирди. Иш-чаранын алкагында мэрге жаңы мечит куруу боюнча долбоор

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы, ички товар жүгүртүүсү январда 1 млн долларга жетти

2026-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы жана өз ара товар жүгүртүүсүнүн көлөмү 1 млн долларды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитети билдирди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 2%га көп.  Мында экспорттук жеткирүүлөр 20,3%га азайып, ал эми импорттук товардын келүүлөрү тескерисинче 6,1%га көбөйгөн. Ошондой эле бул аралыкта

Чүй облусу менен Бишкектеги  эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Чүй облусу менен Бишкектеги эң ири өнөр жай долбоорлору кайсылар?

Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ишке ашырылып жаткан негизги инвестициялык долбоорлор тууралуу айтып берди. Анын айтымында, жаңы өндүрүштөрдүн ачылышы өлкөдө миңдеген жумуш орундарын түзүп, миллиарддаган инвестицияларды тартат. Эң ири долбоорлордун бири — Resto компаниясы тарабынан электр энергиясын өндүрүүчү объекттерди куруу. Бул секторго

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

ИИМ: Коррупциялык кылмыштар үчүн катуу жаза каралган

Коррупция коом жана мамлекет үчүн олуттуу коркунучтардын бири бойдон калууда. Ал жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин төмөндөтүп, адилеттүүлүк принцибин бузат жана өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык коррупциялык аракеттер үчүн катуу жоопкерчилик каралган. Тактап айтканда: * 336-берене (Коррупция)