Кара-Балтадагы 105,9 млн сомдук объект мамлекетке кайтарылды

Кара-Балтадагы 105,9 млн сомдук объект мамлекетке кайтарылды

Жайыл районунда 105,9 млн сомдук социалдык объект мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жайыл районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 2004-жылы Кара-Балта шаарынын Центральная көчөсүндө жайгашкан социалдык объект — автобаза жер тилкеси менен кошо мыйзам талаптарын бузуу аркылуу жеке жактарга өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы аянты 1,4 гектарды түзгөн, базар баасы 105,9 млн сом деп бааланган аталган социалдык объект толугу менен мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Мындан тышкары окуңуз

Салык кызматы акциздик маркасы жок 13 миң даана продукцияны аныктады

Салык кызматы акциздик маркасы жок 13 миң даана продукцияны аныктады

Бишкек шаарында рейддик салыктык көзөмөл жүргүзүүнүн жүрүшүндө Салык кызматынын кызматкерлери акциздик маркалары жок ири көлөмдөгү акциздик товарларды аныкташты. Текшерүү кант кошулган суусундуктарды, энергетикалык жана алкоголдук ичимдиктерди саткан соода түйүндөрүн камтыды. Ведомствонун маалыматына ылайык, инспекторлор милдеттүү акциздик маркалары жок сатууга коюлган болжол менен 13 миң даана продукцияны аныкташкан. Окуя болгон жерде

Бишкек мэриясынын жанына административдик имарат курулат

Бишкек мэриясынын жанына административдик имарат курулат

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Эмир Марлисбеков муниципалдык менчик жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын жыйынында мэриянын имаратынын жанындагы унаа токтотуучу жайдын аймагында эмне куруларына кызыкты. Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Эрмек Арымбаев бул жерде жаңы административдик имарат курулуп, анын астына унаа токтотуучу жай (паркинг) жайгаштырылаарын билдирди. Анын айтымында, учурда

Лицензиялоо боюнча ызы-чуу: он миңдеген айдоочулар такси рыногунан чыгып кетүү коркунучунда

Лицензиялоо боюнча ызы-чуу: он миңдеген айдоочулар такси рыногунан чыгып кетүү коркунучунда

1-февралдан баштап Кыргызстанда таксилердин лицензиясын текшерүү башталмакчы. Бирок рыноктун катышуучулары: учурдагы эрежелер айдоочулардын санынын кескин азайтып, унаалардын жетишсиздигине жана жүргүнчүлөр үчүн жол киренин жогорулашына алып келиши мүмкүн деп эскертишүүдө. Депутаттар жана такси айдоочулар министрлер кабинетинен мөөнөттөрдү кийинкиге жылдырууну гана эмес, талаптарды кайра карап чыгууну сунушташат. Алардын баамында мындай талаптын жүргүнчүлөрдү

Бишкекте "Борбор Азия – Америка Кошмо Штаттары" (B5+1) бизнес форуму өтөт

Бишкекте "Борбор Азия – Америка Кошмо Штаттары" (B5+1) бизнес форуму өтөт

4-5-февралда Бишкек шаарында "Борбор Азия – Америка Кошмо Штаттары" (B5+1) бизнес форуму өтөрүн Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.  Ведомтводон маалымдашкандай, бизнес форум Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE) менен биргеликте министрлер кабинети тарабынан уюштурулуп жатат. Белгиленгендей, B5+1 форуму Борбор Азия – АКШ дипломатиялык форматынын алкагындагы негизги бизнес-платформа болуп