2030-жылы саламаттык сактоо тармагынын бюджети 130 млрд сомго жетет

2030-жылы саламаттык сактоо тармагынын бюджети 130 млрд сомго жетет

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында Саламаттык сактоо министрлигинин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2026-жылга карата артыкчылыктары боюнча коллегиялык жыйын өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйынга саламаттык сактоо министри Каныбек Досманбетов, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү жана тармак жетекчилери катышты.

Эдил Байсалов саламаттык сактоо тутуму отчеттор менен эмес, бейтаптар үчүн реалдуу натыйжалар аркылуу бааланарын белгиледи. Анын айтымында, негизги маселелер — дары-дармектин жеткиликтүүлүгү, дарыгерлер жана иштеп жаткан жабдуулар.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы тармакка 52,4 млрд сом бөлүнгөн. Болжол боюнча, 2030-жылы саламаттык сактоонун бюджети 130 млрд сомго жетиши мүмкүн. Негизги жетишкендиктер катары медициналык мекемелерди куруу жана оңдоо, жабдууларды жаңылоо, санариптик сервистерди өнүктүрүү жана Бишкекте медициналык шаарча долбоору аталды.

Коллегияда 2026-жылы көңүл бурула турган багыттар — эне жана баланын саламаттыгы, стационарлардын ишин жакшыртуу жана дары-дармек менен үзгүлтүксүз камсыздоо экени белгиленди.

Жыйынтыгында калкка медициналык жардамдын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган артыкчылыктар аныкталды.

Мындан тышкары окуңуз

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Оор жүк ташуучу унааларга каршы рейдде 3,5 млн сом айып пул салынды

Өлкөдө оор жүк ташуучу унааларга каршы жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында жүздөгөн мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан өлкө аймагында жүк ташуучу автоунааларга карата бир айлык рейддик иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара 19-февралдан 13-мартка чейин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп  берилди

Быйыл 28 миңдей унаа камсыздандырылып, 50 млн 628 миң сом кенемте төлөнүп берилди

Транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) системасы, анын алкагында төлөнүп жаткан каражаттар жана аймактардагы сандык көрсөткүчтөр тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Закир Айдаралиев маалымат берди. Анын айтымында, 2026-жылдын башынан 13-мартка чейин 28 миңге жакын айдоочу унаасын камсыздандырып, ОСАГО полисин алган. Бул 1,56%ды

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы болобу? Нефтетрейдерлерге талаптар коюлду

Күн мурун Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Ага тармактагы ассоциациялар жана бир катар ири мунай компанияларынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жолугушууда калкты күйүүчү-майлоочу материалдар менен туруктуу камсыз кылуу жана бааларды көзөмөлдөө маселелери талкууланды. Нефтетрейдерлердин маалыматына ылайык, учурда

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек мэриясы миңдеген үлүшчүлөргө техпаспорт берүү жолун тапты

Бишкек шаарында үлүштүк курулуштун катышуучулары үчүн техпаспортторду тариздөө жана келишимдерди каттоо боюнча убактылуу эрежелер киргизилерин шаар мэриясы билдирди. 2026-жылдын 12-мартындагы тескеме муниципалдык жер тилкелеринде курулган көп кабаттуу үйлөрдөгү үлүшчүлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган. Документ Кыргыз Республикасынын президентинин турак жайга болгон укуктарды каттоо маселелерин жөнгө салуу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында кабыл алынган.