Pronova компаниясы Кыргызстанда гидропоника жана күнөскана долбоорлорун ишке ашырууну пландоодо
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин орун басары Б.Т.Бекболотов эл аралык "Pronova" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жолугушууда заманбап агротехнологияларды киргизүү маселелери, анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүн гидропондук ыкма менен өстүрүү, күнөскана чарбаларын өнүктүрүү жана сапаттуу көчөт материалдарын алуу үчүн in vitro технологиясын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
"Pronova" компаниясынын өкүлдөрү жогорку натыйжалуу өсүмдүк өстүрүү багытындагы тажрыйбасы менен бөлүшүп, Кыргызстанда гидропондук системаларды куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.
Министрдин орун басары Б.Т. Бекболотов агроөнөр жай комплексине инновациялык технологияларды киргизүү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, суу ресурстарын үнөмдүү пайдаланууга жана айыл чарба продукциясынын көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну улантууга жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кароого макулдашты.