Бишкек шаарында автоунаа уурдоого шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында автоунаа уурдоого шектелген жаран кармалды

2026-жылдын 17-январында Бишкек шаарынын Б.К. аттуу жараны жазуу жүзүндө арыз менен Свердлов районунун ИИБна кайрылып,  белгисиз адам Зеленая көчөсүндөгү жеке үйдүн жанында токтоп турган «Volkswagen Polo» үлгүсүндөгү автоунааны мыйзамсыз айдап кеткенин билдирген.

Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул факт боюнча Свердлов районунун ИИБнын тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (унаа уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп тергөө иштери жүргүзүлгөн.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери видеокөзөмөл камераларынын жазууларын изилдеп, шектүүнүн өздүгүн аныкташты. Ал мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 2005-жылы туулган Т.А. болуп чыккан.

Шектүү кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Тергөөнүн жүрүшүндө ал автоунааны уурдагандан кийин калтырып кеткен жерин көрсөтүп берген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Энергетикалык өнүгүү багытындагы эл аралык конкурста кыргызстандык сыйлыкка ээ болду

Энергетикалык өнүгүү багытындагы эл аралык конкурста кыргызстандык сыйлыкка ээ болду

Кыргыз Республикасынын өкүлү таза энергия, энергиянын натыйжалуулугу жана туруктуу энергетикалык өнүгүү жаатындагы санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө багытталган CECECO Clean Energy Hackathon 2026 эл аралык конкурсунда атайын сыйлыкка ээ болду. Конкурстун алкагында 16 жаштан 35 жашка чейинки жаш адистерден жана студенттерден 200гө жакын долбоордук арыз кабыл алынган. Катышуучулар Азербайжан, Түркия, Пакистан, Казакстан,

АКШ чет өлкөлүк жардамга жаңы чектөөлөрдү киргизди

АКШ чет өлкөлүк жардамга жаңы чектөөлөрдү киргизди

АКШ чет өлкөлүк жардамга жаңы чектөөлөрдү киргизгенин Reuters агенттиги маалымдады. АКШ бийлиги ар түрдүүлүк, тең мүмкүнчүлүк жана инклюзивдүүлүк (diversity, equity, inclusion — DEI) менен байланышкан программаларды, ошондой эле үй-бүлөнү пландаштыруу жана "гендердик идеология" жаатындагы демилгелерди каржылоого тыюу салды. Бул чектөөлөр 26-февралдан тартып күчүнө кирет. Таасир эте турган каржылоонун жалпы

Талас шаарында “Баластан”  оюн-зоок борбору курулуп жатат

Талас шаарында “Баластан” оюн-зоок борбору курулуп жатат

Талас шаарында “Баластан” заманбап оюн-зоок борборунун курулушу активдүү жүрүп жатат. Ааталган оюн-зоок борбору Талас шаарынын Шамбетов көчөсү №70 дарегинде жайгашып, жалпы аянты 17 миң чарчы метрди түзөт. “Баластан” оюн-зоок шаарчасынын алкагында инновациялык музейлер, лабиринттер, боулинг залы, кинотеатрлар, ошондой эле балдардын интеллектуалдык жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган борборлордун курулушу каралган. Долбоордун

Tunduk travel долбоорун ишке киргизүү боюнча документке кол коюлду

Tunduk travel долбоорун ишке киргизүү боюнча документке кол коюлду

Санариптик өнүгүү министрлигинде туристтер үчүн улуттук санариптик платформа болгон Tunduk travel долбоорун ишке киргизүүгө негиз түзгөн негизги документтерге кол коюлду. Tunduk travel тиркемеси "бирдиктүү терезе" принциби менен иштелип чыгууда. Анын жардамы менен туристтер мамлекеттик жана сервистик кызматтарды, пайдалуу маалыматтарды, ошондой эле бизнес-сервистерге жеткиликтүүлүктү ала алышат. Платформа этап-этабы менен