Өзгөчө балдар үчүн реабилитация кызматтарын өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү
Нарын шаарында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев "Мейкин" реабилитациялык борборунда кызмат алып жаткан майыптуулугу бар балдардын ата-энелери менен жолугушту. Бул тууралуу ведотводон билдиришти.
Жолугушууда борбордун ишмердүүлүгү жана реабилитациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды.
Ата-энелер ар бир облуста реабилитациялык борборлорду ачуу, жалпы билим берүүчү мектептерде адаптацияланган окутуу программаларын киргизүү, ошондой эле майыптуулугу бар балдар менен иштеген адистердин штаттарын кеңейтүү жана эмгек акыларын жогорулатуу боюнча сунуштарын айтышты.
Мындан тышкары, жалгыз бой энелерди колдоо жана аймактарда өзгөчө балдар үчүн спорттук жана эс алуу ийримдерин өнүктүрүү маселелери көтөрүлдү.
Министр Канат Сагынбаев реабилитациялык кызматтарды өнүктүрүү мамлекет үчүн маанилүү багыт экенин белгилеп, ата-энелерди жана коомдук уюмдарды биргелешип демилгелерди иштеп чыгууга жана мамлекеттик социалдык заказ механизмине активдүү катышууга чакырды.


