“Кыргызтест” мекемесинин базасында эл аралык компьютердик тесттин пункту ачылды

“Кыргызтест” мекемесинин базасында эл аралык компьютердик тесттин пункту ачылды

Кече, 30-январда, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга караштуу “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин базасында эл аралык компьютердик тест пунктунун салтанаттуу ачылышы болду.

Ага Президенттин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, Жогорку Кеңештин, National Educational Network (NEN) эл аралык компаниясынын, Улуттук илимдер академиясынын, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлдөрү катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамкатчы Арслан Койчиев “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин базасында эл аралык компьютердик тест пунктунун ачылышы мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруудагы маанилүү кадам экенин белгиледи.

Иш-чаранын алкагында эл аралык компьютердик тест пунктунун ишмердүүлүгү, анын техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана эл аралык кызматташтыктын алкагындагы негизги багыттары жөнүндө маалымат берилди. Ошондой эле катышуучулар тесттен өтүү процесси менен жакындан таанышып чыгышты.

“Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин базасында ачылган эл аралык компьютердик тест пункту жарандарга заманбап талаптарга жооп берген тестирлөө кызматтарын көрсөтүүгө, ошондой эле мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде таанылган баалоо механизмдерин ишке ашырууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын