Мечитте уурулук кылган 2008-жылкы жигит кармалды

Мечитте уурулук кылган 2008-жылкы жигит кармалды

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери мечиттерден уурулук кылууга адистешкен шектүүнү кармашты. Бишкек шаарынын ИИББнын Басма сөз кызматынан маалымдагандай, бул окуя 2026-жылдын 7-январында Бишкек шаарынын Свердлов районунунда катталган.

ИИБна Б.А. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, белгисиз адамга карата чара көрүп берүүнү суранган.

Арызда ошол эле күнү «Дордой» базарынын аймагында жайгашкан мечитте намаз окуп жаткан учурда белгисиз адам жашыруун түрдө: акча салынган капчык, «iPhone» үлгүсүндөгү уюлдук телефон жана арыз ээсинин жеке буюмдарын уурдап кеткендиги көрсөтүлгөн. Андан соң кылмышкер белгисиз багытка изин суутуп кеткен.

Бул факты боюнча райондук башкармалыктын тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш ишин козгоду.

Тергөөнүн жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 2008-жылы туулган А.С.ны кармап, милиция бөлүмүнө жеткиришкен. Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал мечиттерден уурулук кылууга адистешкен.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү кылмыш жолу менен алынган уюлдук телефонду «Ош базарынын» аймагында 3 миң сомго сатып жибергенин, ал акчаны жеке муктаждыктарына коротконун билдирген. Учурда тергөө иштери улантылууда, ошондой эле анын Бишкек шаарынын аймагында ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.

Аталган шектүүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандар же кандайдыр бир маалыматка ээ болгон адамдар төмөнкү телефондор аркылуу кайрыла алышат: 0999 15-07-36 же 102.

0:00
/0:53

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын