Эмгек акыны кечиктирген иш берүүчүлөр айып төлөйт
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жаңы Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу маалымдады.
Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, эмгек акыны, өргүү акысын, жумуштан бошотууда эсептешүүнү же башка төлөмдөрдү кечиктирген иш берүүчүлөр үчүн айыптын бирдиктүү пайызы белгиленди. Эми төлөмдөр кечиктирилген ар бир календардык күн үчүн төлөнбөй калган суммага 0,25% кошумча эсептелет.
Мындан тышкары, доо коюу мөөнөтү такталды. Эгер иш берүүчү эмгек акыны өз убагында төлөбөсө, кызматкер сотко кайрылып, каражатты өндүрүп алуу үчүн 3 жылдык мөөнөткө ээ. Бул мөөнөт эмгек акы төлөнүшү керек болгон күндөн тартып эсептелет.
Министрлик иш берүүчүлөрдү эмгек мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.