Караколдо мыйзамсыз бөлүштүрүлгөн 30 га жер мамлекетке кайтарылды

Караколдо мыйзамсыз бөлүштүрүлгөн 30 га жер мамлекетке кайтарылды

Каракол шаарынын Масанчы аймагына 30 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн участоктор "Жемиш" акционердик коомунун жерлеринин курамынан мыйзамсыз чыгарылып, Каракол шаарынын Масанчы аймагында жайгашкан акционерлер менен кызматкерлердин ортосунда бөлүштүрүлгөн.

"Жемиш" АКтын мурдагы акционерлери жана кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө жана оперативдик иш-чаралардан кийин, жалпы аянты 30 гектар болгон аталган жер тилкелери шаарды кеңейтүү максатында ыктыярдуу түрдө өткөрүлүп берилген. Ал жерде муниципалитет жаңы турак жай комплексин жайгаштырууну пландап жатат. Анын болжолдуу баасы 22 млн сомдон ашат.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жерлерди, ишканаларды жана башка объекттилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча ишин улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандык спортчулар кышкы Олимпиада оюндарында   катышууга даяр

Кыргызстандык спортчулар кышкы Олимпиада оюндарында катышууга даяр

6-22-февраль күндөрү Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында XXV Кышкы Олимпиада оюндары өтөт. Ага катышуу үчүн КРнын улуттук курама командасынын спортчуларына арнап даярдалган спорттук жана параддык экипировкалар сунушталды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинын маалыматына караганда, экипировкалар эл аралык стандарттарга жана Кышкы Олимпиада оюндарындагы талаптарга ылайык иштелип чыккан. Ал спортчулардын

АКШ, Кыргызстан Макмал-Каракол темир жолун курууну талкуулады

АКШ, Кыргызстан Макмал-Каракол темир жолун курууну талкуулады

Президентке караштуу Улуттук инвестициялар агенттигинде АКШнын All American Rail Group компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2025-жылдын февраль айында келишимине кол коюлган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагындагы "Макмал – Каракол темир жолун куруу" долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшүн талкуулашты. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын ички темир жол тармагын өнүктүрүүгө, ошондой

"Кыргызалтын" минералдарды өндүрүүгө АКШ технологиясын киргизет

"Кыргызалтын" минералдарды өндүрүүгө АКШ технологиясын киргизет

"Кыргызалтын" ачык акционердик коому B5+1 бизнес-форумунун алкагында АКШнын ири компаниялары — Pangea Global, Mooney Group, TETHYS Gateway Investment, ошондой эле Nasdaq фондулук биржасынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулар "Кыргызалтын" ААКнын башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимовдун жетекчилиги астында өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын тоо-кен тармагын өнүктүрүүнүн

Кыргызстанда унаа сатуунун жаңы онлайн платформасы Tapcar.kg ишке киргизилди

Кыргызстанда унаа сатуунун жаңы онлайн платформасы Tapcar.kg ишке киргизилди

Унаа сатуу жана сатып алуу үчүн бул жаңы платформа жарнаманы тез жарыялоону, ЖИ-жардамы менен аны түзүү жана ыңгайлуу издөөнү сунуштайт. Кыргызстанда Tapcar.kg жаңы автоунаа маркетплейси иштей баштады - бул жасалма интеллект технологиясын колдонуу менен унааларды ылдам жана ыңгайлуу сатуу жана сатып алуунун санариптик платформасы. Tapcar аталышы сервистин мазмунун чагылдырат.