Кыргызстандык спортчулар кышкы Олимпиада оюндарында катышууга даяр
6-22-февраль күндөрү Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында XXV Кышкы Олимпиада оюндары өтөт. Ага катышуу үчүн КРнын улуттук курама командасынын спортчуларына арнап даярдалган спорттук жана параддык экипировкалар сунушталды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинын маалыматына караганда, экипировкалар эл аралык стандарттарга жана Кышкы Олимпиада оюндарындагы талаптарга ылайык иштелип чыккан. Ал спортчулардын мелдеш маалындагы ыңгайлуулугун, коопсуздугун жана жогорку спорттук жыйынтыктарды көрсөтүүсүн камсыздоого багытталат.
Ак түстөгү экипировка - параддык, ал эми кочкул көк түстөгү форма машыгууга арналган. Параддык форма улуттук баш кийим - ак калпак менен толукталат. Эки экипировка тең Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен КРнын Улуттук олимпиадалык комитетинин макулдашуусунун негизинде, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен даярдалды.
Белгилей кетсек, кыргыз спортчулары Кышкы Олимпиада оюндарында тоо лыжасы жана лыжа жарышы боюнча мелдештерге катышып, өлкө намысын коргошу күтүлөт.

