Таласта прокурордун орун басары 2 миң доллар пара талап кылып кармалды
Таласта прокурордун орун басары пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат Талас облусунун райондорунун биринин прокурорунун орун басары С.К.О.нун пара алуу фактысын аныктады. Ал соттолгон адамдарды "абакка отургузам" деп коркутуп, системалуу түрдө 2000 доллардан пара талап кылып келген.
Бул кылмыштуу аракеттердин натыйжасында С.K.O. өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан системалуу коррупцияга каршы саясатка олуттуу зыян келтирип, жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишенимин төмөндөтүүгө себепчи болгон.
Ошентип, 1-февралда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Башкы прокуратуранын Коопсуздукту камсыздоо бөлүмүнүн өкүлүнүн катышуусунда С.К.О. 140 миң сом өлчөмүндөгү паранын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалган.
Учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, мыйзамсыз ишмердүүлүктүн башка фактыларын, ошондой эле башка кызмат адамдарынын катышуусун аныктоого багытталган бир катар тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.


