Ысык-Көлдө мамлекетке 1,4 млн сом зыян келтирген мурдагы жетекчи кармалды

Ысык-Көлдө мамлекетке 1,4 млн сом зыян келтирген мурдагы жетекчи кармалды

Ысык-Көл облусунда суу чарбанын мурдагы башчысы мамлекеттик экскаваторду 7 жыл мыйзамсыз ижарага берип, мамлекетке 1,4 млн сомдон ашык зыян келтиргени үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу суу чарбасынын мурдагы башчысы мамлекеттик экскаваторду 7 жыл бою мыйзамсыз ижарага берип, пайда көргөнү аныкталды. Жалпысынан 625 миң сомду түзгөн ижара каражаттары чарбанын эсебине которулган эмес, анын ордуна О.С.М. тарабынан менчиктелип алынган.

Мындан тышкары, үчүнчү тараптардын көп жана мыйзамсыз колдонуусунан улам экскаватор учурда иштебей турат жана колдонууга жараксыз. Баалоо боюнча, экскаватордун базар баасы 800 миң сомду түзөт. Ошентип, О.С.М. мамлекетке келтирген жалпы зыян 1 млн 425 миң сомду түздү.

Мындан улам О.С.М. Каракол шаарындагы тергөө абагына камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын