Баткенде баласына 500 миң сом алимент төлөбөгөн жаран камалды

Баткенде баласына 500 миң сом алимент төлөбөгөн жаран камалды

Баткенде 2017-жылдан бери баласына алимент төлөөдөн качып жүргөн Ж.у. С. аттуу жаран сот чечими менен эки жылга эркиндигинен ажыратылганын Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы кечээ маалымдады.

Баткен райондук сотунун 2017-жылдын 3-июлундагы чечиминин негизинде карызкор Ж. у. С. баласы 18 жашка толгонго чейин иштеп тапкан жана башка бардык кирешесинин 4/1 бөлүгүн төлөөгө милдеттүү болгон. Бирок сот аткаруучулардын эскертүүлөрүнө карабай ал алимент төлөөдөн качып келген.

2025-жылдын 1-сентябрына карата алимент боюнча карызы 501 821 сомду түзгөн. Ишти Баткен райондук соту карап, 2025-жылы 22-октябрда ага 2 жылдык пробациялык көзөмөл дайындалган.  Жабыркаган тарап соттун бул чечимине макул болбой, жогорку сот бутагына кайрылган.

Баткен облустук соту 2-февралдагы өкүмү менен биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарды жана карызкор А. у. Ж. эки жылга эркиндигинен ажыратып, сот залынан камакка алынды.

Сот департаментинин маалыматына ылайык, 59 миңден ашык иш ачык турат. Расмий маалыматка караганда, өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Нарын облусунда 27 трансформатор жаңыланып, электр тармагы күчөтүлөт

Нарын облусунда 27 трансформатор жаңыланып, электр тармагы күчөтүлөт

Энергетика министрлиги электр тармагын өнүктүрүү жана жаңылоо багытында 2026-жылга карата бир катар пландарды белгиледи. Анын алкагында Нарын облусунда 21 даана трансформаторду алмаштыруу каралууда. Планга ылайык, трансформаторлор төмөнкү райондордо жаңыланат: Ак-Талаа районунда – 1, Ат-Башы районунда – 3, Кочкор жана Нарын райондорунда – 7ден, Тогуз-Торо районунда – 3 даана. Мындан тышкары, облус аймагында кошумча 6

Кыргызстанда бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды

Кыргызстанда бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталганын билдирди Декларация тапшыруу өнөктүгү салык төлөөчүлөрдүн категориясына жараша эки этапта жүргүзүлөт. 2026-жылдын 1-апрелине чейин декларация тапшырууга: * ата мекендик уюмдар (бюджеттик мекемелерди жана мүлк салыгы боюнча милдеттенмеси жок уюмдарды кошпогондо); * Кыргызстандын аймагында туруктуу мекеме аркылуу иш жүргүзгөн чет

"Достук-автожол" өткөрмө пунктунун жетекчиси системалуу коррупция үчүн кармалды

"Достук-автожол" өткөрмө пунктунун жетекчиси системалуу коррупция үчүн кармалды

УКМК Ош облусундагы Чек ара кызматына караштуу "Достук-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун жетекчисин системалуу коррупцияга шектүү катары кармаганын кызматтын басма сөз борбору билдирди. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 2-февралында коррупциялык схемаларга каршы жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында А.Н.О. деген кызматкер кармалган. Тергөө анын өткөрмө пунктунда атайылап кезектерди жаратып, андан соң ортомчулар аркылуу

Санариптик моделден чыныгы ГЭСке чейин. Кыргызстанда уникалдуу долбоор ишке кирди

Санариптик моделден чыныгы ГЭСке чейин. Кыргызстанда уникалдуу долбоор ишке кирди

Бишкектеги Б.Н. Ельцин атындагы КРСУнун базасында гидроэнергетика боюнча долбоордук кеңсе ачылды. Эми ал санариптик технологиялар менен иш алып барат. “Росатомдун” отун дивизиону, университет жана “Бока Гидро КГ” менен биргеликте аддитивдик өндүрүш технологияларын ишке ашыруу боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшту. “Росатомдун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Дмитрий Константинов Кыргызстанга бул долбоор эмне