"Достук-автожол" өткөрмө пунктунун жетекчиси системалуу коррупция үчүн кармалды

"Достук-автожол" өткөрмө пунктунун жетекчиси системалуу коррупция үчүн кармалды

УКМК Ош облусундагы Чек ара кызматына караштуу "Достук-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун жетекчисин системалуу коррупцияга шектүү катары кармаганын кызматтын басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 2-февралында коррупциялык схемаларга каршы жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында А.Н.О. деген кызматкер кармалган. Тергөө анын өткөрмө пунктунда атайылап кезектерди жаратып, андан соң ортомчулар аркылуу чет өлкөлүк жарандарды мамлекеттик чек арадан тоскоолдуксуз өткөрүп берүү үчүн туруктуу негизде акча каражаттарын алып турганын аныктаган.

Мындан тышкары, УКМКнын маалыматына караганда, кармалган кызматкер чек арадагы мыйзамсыз иштерге тиешеси бар айрым адамдарга колдоо көрсөтүп келген. Ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоо жайына камалды.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоого багытталган активдүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда. Ошол эле учурда бардык жарандар үчүн мамлекеттик чек арадан коопсуз жана ыңгайлуу өтүү шарттарын түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын