Кыргызстанда жатак абактар жоюлат
Кыргызстанда акыркы 6 жатак абакты жоюу боюнча чечим кабыл алынганын Юстиция министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, бул кадам мамлекеттик башкаруу системасын бюрократиядан арылтууга багытталган реформанын алкагында ишке ашырылууда. Жатак абактарды жабуу чечими этап-этабы менен кабыл алынган.
Тактап айтканда, 2025-жылы тиешелүү кодекстерге жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилип, анын негизинде колония-конуштардын биринчи тобу жоюлган. Ал эми 2026-жылдын 28-январында №26, 42, 43, 44, 45 жана 52-мекемелерди жоюу тууралуу чечим кабыл алынган.
Юстиция министрлигинин билдирүүсүндө, реформа пробация органдарынын функцияларын кайталоону жоюуга, мамлекеттик каражаттарды рационалдуу пайдаланууга жана жабылып жаткан мекемелердин кызматкерлеринин укуктарын толук сактоого багытталганы белгиленет.