Парламентте аймактардагы социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү

Парламентте аймактардагы социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 4-февралдагы "Ар кандай маселелер" саатында өлкө аймагындагы бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү көтөрүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Дастан Бекешев Казакстанда жана Россияда жашаган кыргыз жарандары чет элдик номердеги автоунаалары менен өлкөгө кире албай жатканын белгилеп, бул механизмдерди кайра карап чыгуу жана унааларды мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгын айтты.

Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков күмөндүү реабилитациялык борборлордун ишмердүүлүгүн токтотууга чакырып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн жөлөкпулдун өлчөмүн көбөйтүп, алуу тартибин жөнөкөйлөтүүнү сунуштады.

Аймактык маселелерди көтөргөн депутаттар мектеп, жол, бала бакча, таза суу жана газдаштыруу көйгөйлөрүнө токтолушту. Айрыкча Ош, Баткен, Ноокат, Кара-Суу, Лейлек, Алай жана Талас аймактарындагы социалдык объектилердин абалы айтылды.

Ошондой эле жаш балдардын сууга чөгүп каза болуусунун алдын алуу, сугат суу долбоорлорун колдоо, ички жолдорду кар тазалоо иштерин күчөтүү жана таза суу менен камсыздоо маселелери боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга кайрылуулар жасалды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын