Сууну 90%га чейин үнөмдөйт: Кыргызстанда гидропоника кеңири жайылууда
Кыргызстанда айыл чарбасын өнүктүрүү багытында заманбап ыкмалардын бири болгон гидропоника технологиясы активдүү түрдө киргизиле баштады. Бул ыкма өсүмдүктөрдү топураксыз, атайын азык заттар кошулган суу аркылуу өстүрүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Адистердин айтымында, гидропоника салттуу дыйканчылыкка салыштырмалуу сууну 70–90%га чейин үнөмдөп, түшүмдүүлүктү жана өсүү ылдамдыгын жогорулатат. Ошондой эле бул технология менен өстүрүлгөн жашылчалар экологиялык жактан таза болуп, жыл бою үзгүлтүксүз түшүм алууга шарт түзөт.
Гидропоника ыкмасы шаар шартында, чакан аянттарда жана жабык жайларда дыйканчылык жүргүзүүгө ыңгайлуу. Бул өз кезегинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана ресурстарды үнөмдүү пайдаланууга өбөлгө түзөт.
Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы фермерлерди ресурстарды үнөмдөөчү, заманбап жана натыйжалуу гидропоника технологиясын колдонууга чакырат. Бул демилге айыл чарба тармагына инновацияларды киргизүүгө, жаш ишкерлерди тартууга жана ички рынокту сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоого багытталган.
