Ысык-Көл форелинин 747 миң личинкасы өстүрүлдү
Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Регионалдык аклиматташтыруу жана балык өндүрүү-өстүрүү бөлүмүндө 812 миң даана Ысык-Көл форелинин уруктары жасалма жол менен алынып, инкубациялык аппараттарда өстүрүлдү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, өстүрүү процессинде 8% чыгаша болуп, жыйынтыгында 747 миң даана форель личинкасы алынды. Чыгуу көрсөткүчү 92%ды түзүп, бул жакшы натыйжа катары бааланууда. Азыркы учурда алынган личинкалар атайын даярдалган алгачкы жемдер менен азыктандырыла баштады.
Мындан тышкары, 2 млн 500 миң даана сига-лудога балыгынын уруктары жасалма жол менен алынып, учурда инкубациялык аппараттарда өстүрүлүп жатат. Личинкалар 82 күндүн ичинде, тактап айтканда март айында чыга баштайт.