Алдамчылар ПРООН жетекчисинин атынан чыга башташты
Белгисиз адам WhatsApp мессенджеринде БУУнун Өнүгүү Программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьёва деп өзүн көрсөтүп, анын атын жана сүрөтүн колдонуп билдирүүлөрдү тарата баштаганын ПРООН билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, уюмдун өкүлү расмий байланыш үчүн WhatsApp мессенджерин колдонбойт, жана анын атына окшош билдирүүлөр ПРООНго тиешеси жок жана чыныгы эмес.
Кыргызстандыктарга мындай билдирүүлөргө жооп бербөөгө, этият болууга жана шек жаралса, ПРООНдун расмий каналдары менен байланышууну сунуш кылышууда.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!