Б.Төрөбаев Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде суу жана климат маселелерин көтөрдү
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Дубай шаарында өткөн Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Саммиттин алкагында өткөн министрлердин тегерек столунда сүйлөгөн сөзүндө Бакыт Төрөбаев дүйнө жүзү климаттык, суу, азык-түлүк жана социалдык кризистердин бири-бири менен байланышкан татаал айкалышына туш болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, мындай шартта Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн кыска мөөнөттүү чаралардан комплекстүү жана узак мөөнөттүү тобокелдиктерди башкарууга өтүү зарыл.
Өзгөчө көңүл климаттын өзгөрүшү шартында барган сайын курчуп жаткан суу тартыштыгы маселесине бурулду. Бул көйгөй региондук туруктуулукка, азык-түлүк коопсуздугуна жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө түздөн-түз таасир этери белгиленди.
Ошондой эле Бакыт Төрөбаев Борбор Азиядагы дарыялардын башатында жайгашкан тоолуу өлкө катары Кыргыз Республикасы аймактын суу экосистемаларынын туруктуулугу үчүн өзгөчө жоопкерчиликке ээ экенин жана эл аралык аянтчаларда суу маселелерин ырааттуу түрдө көтөрүп келерин баса белгиледи.