ЕАЭБде карантиндик фитосанитардык көзөмөл тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

ЕАЭБде карантиндик фитосанитардык көзөмөл тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө Токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Кабыл алынган өзгөртүүлөр рыноктун ак ниет катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле карантиндик фитосанитардык көзөмөл жол-жоболорунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Атап айтканда, фитосанитардык сертификаттарда карантиндик продукцияны алуучуларды туура эмес көрсөтүү фактыларын алдын алуу боюнча чаралар каралды. Бул Бирликтин аймагында продукциянын кыймылын так көзөмөлдөөгө жана мыйзам бузууларды азайтууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле өзгөртүүлөр ЕАЭБдин аймагында карантиндик фитосанитардык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга, айыл чарба өндүрүшүн коргоого жана карантиндик объекттердин жайылышын алдын алууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

"Бурана" музей комплексин көрктөндүрүү долбоору иштелип чыкты

"Бурана" музей комплексин көрктөндүрүү долбоору иштелип чыкты

Курулуш министрлигинин шаар куруу департаментинин алдындагы Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору "Бурана" археологиялык-архитектуралык музей комплексинин аймагын көрктөндүрүүгө багытталган жаңы эскиздик долбоорду даярдашты. Долбоордо комплексине чектеш аймакты жашылдандыруу, чакан архитектуралык формаларды орнотуу, ыңгайлуу унаа токтотуучу жайларды түзүү, ошондой эле зыяратчылар үчүн комфорттуу коомдук мейкиндикти уюштуруу каралган.

Кыргызстанды толук газдаштыруу 2030-жылы аякташы мүмкүн

Кыргызстанды толук газдаштыруу 2030-жылы аякташы мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров 2026-жылдын 5-февралында парламент жыйынында өлкөнү газдаштыруу иштери качан толук аяктай турганына кызыкты. "Газпром Кыргызстан" компаниясынын экономика жана финансы боюнча башкы директорунун милдетин аткаруучу орун басары Арзымат Алдаяровдун маалыматына ылайык, компания Кыргыз Республикасын толук газдаштырууну жакынкы 5 жылдын ичинде, болжол менен 2030-жылга чейин бүтүрүүнү

Сезондук мигранттан — агро ишкердикке: Кубаныч Тагаев келечектин фермасын кантип ачты

Сезондук мигранттан — агро ишкердикке: Кубаныч Тагаев келечектин фермасын кантип ачты

Бүгүн “Ишкер медиа” “Борбор Азиядан Улуу Британияга сезон маалында иштеген жумушчулардын коопсуз миграциясы” долбоорунун катышуучулары жөнүндө макалалардын топтомунун биринчи материалын жарыялайт. Бул макалада эмгек миграциясындагы кыйынчылыкты жеңип гана тим болбостон, ошону менен бирге ишкердиктин комплекстүү негиздери тууралуу окуудан өтүп, андан кийин демилгенин колдоосу менен “1+1” каржылоосунун натыйжасында өз ишин

Быйыл Бишкек шаардык транспортун өнүктүрүүгө 6 млрд 5 млн каражат суралган

Быйыл Бишкек шаардык транспортун өнүктүрүүгө 6 млрд 5 млн каражат суралган

2026-жылга карата Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти 6 млрд 5 млн сом өлчөмүндө каражат сурап жатканын 5-февралда Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында департаменттин директору Уланбек Бейшенбаев билдирди. Анын ичинде: * коомдук транспортко берилүүчү субсидияларга — 1 млрд 204 млн сом, * борбор калаадагы 401 жол