Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталган кыргызстандык Грузиядан экстрадицияланды
КРнын Башкы прокуратурасынын координацияланган аракетинин натыйжасында ири өлчөмдөгү алдамчылык кылууга айыпталган кыргызстандык Грузиядан экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Грузиянын компетенттүү органдары менен координацияланган жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн жыйынтыгында, ири өлчөмдөгү алдамчылык кылууга айыпталган Кыргыз Республикасынын жараны С.Т. өлкөгө экстрадицияланды.
Экстрадициядан кийин С.Т. мыйзамда белгиленген тартипте андан ары кылмыш куугунтуктоону жүзөгө ашыруу үчүн тергөө абагына камакка алынды.
Башкы прокуратура өлкөнүн чегинен тышкары кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн адамдарды издөө, кармоо жана экстрадициялоо боюнча системалуу иштерин улантууда.
