Ош облусунда курулуп жаткан социалдык объектилерде кемчиликтер аныкталды

Ош облусунда курулуп жаткан социалдык объектилерде кемчиликтер аныкталды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагындагы курулуш объектилерине карата рейддик иш-чаралар улантылууда.

Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгынын инспекторлору Ош облусунда курулуп жаткан социалдык объектилердин курулуш иштерине көзөмөл жүргүзүштү.

Рейддин жүрүшүндө Алай районунун Жаңы-Алай айылында “Азия Курулуш Компани” ЖЧКсы куруп жаткан 120 орундуу бала бакча, Араван районунун Жар-Кыштак айылында “Байел” ЖЧКсы куруп жаткан А.Орозов атындагы мектептин 100 орундуу кошумча окуу корпусу, Өзгөн шаарында Курманжан-Датка мектебинин жанында “Юг-Достук” ЖЧКсы куруп жаткан бала бакча, ошондой эле Өзгөн шаарында “Арх строй инженеринг” ЖЧКсы куруп жаткан Бабур мектебинин аймагындагы спорт зал текшерилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар кемчиликтер аныкталып, курулуш жүргүзгөн компанияларга жазуу түрүндө эскертүүлөр жана көрсөтмөлөр берилди. Ошондой эле курулуш иштерин бекитилген долбоорго ылайык жүргүзүү жана техникалык коопсуздук талаптарын так сактоо зарылдыгы эскертилди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын