Башкы прокуратура коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууну талкуулады
Бүгүн Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясында коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана башкаруу багытындагы жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары, Башкы прокуратуранын жетекчилиги, эксперттик жана академиялык коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Иш-чара Transparency International уюму жана БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) колдоосу менен уюштурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө коррупциялык тобокелдиктерди системдүү аныктоо жана азайтуу, нормативдик актыларга антикоррупциялык экспертиза жүргүзүү, ошондой эле тобокелдикке негизделген ыкмаларды мамлекеттик башкаруу практикасына киргизүү маселелери талкууланды.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура 2025-2030-жылдарга карата коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында алдын алуучу жана тобокелдикке багытталган механизмдерди өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыт катары карайт.

