Сузак районунда жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу аныкталды
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу схемасы аныкталып, токтотулганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Тергөө версиясына ылайык, "Сузак тазалык коому" муниципалдык ишканасынын директору М.И. аттуу жаран С.Н. менен алдын ала сүйлөшүп алып, Сузак районунун Благовещенка айылында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин берүүгө көмөктөшөбүз деген шылтоо менен айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун колдонуп, жарандарга жер тилкелерин бир участок үчүн 700 миң сомдон 1,5 миллион сомго чейин сатып келген.
Шектүүлөр мыйзамсыз сатылган жер тилкелерин легалдаштыруу максатында, жер амнистиясына байланыштуу талаштуу маселелерди караган мамлекеттик комиссиялар аркылуу кароо жол-жоболорун колдонушкан.
Кылмыш ишинин алкагында аталган жарандар кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.