Тору-Айгырда 62 млн сомдук таза суу долбоору ишке кирди
Бүгүн Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында таза ичүүчү суу системасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Долбоордун алкагында айылдын суу менен камсыздоо системасы толук реконструкцияланып, жалпы сметалык баасы 62 млн 80 миң сомду түзгөн объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.
Курулуш иштеринин жүрүшүндө 15 чакырымдан ашык суу түтүк тармагы тартылып, ар бири 300 м³ көлөмүндөгү эки темир-бетон суу резервуары курулду. Ошондой эле 12 өрт өчүрүүчү гидрант, 600 суу эсептегич орнотулуп, бактерициддик тазалоо системасы бар имарат салынды.
Жыйынтыгында 600 үй чарбасы сапаттуу жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыз болду.
Долбоор Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти тарабынан ишке ашырылды. Система бардык техникалык жана санитардык талаптарга жооп берип, пайдаланууга даяр.