Балалуу аялдар жана майыптыгы бар жарандар үчүн социалдык колдоо күчөтүлөт
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясынын жыйынында балалуу аялдарды, майыптыгы бар адамдарды жана оор турмуштук кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда экенин маалымдады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Анын айтымында, бийик тоолуу, алыскы жана чек ара аймактарында жашаган энелер менен балдарды колдоо кошумча чара катары каралууда. Учурда 0 жаштан 3 жашка чейинки бардык балдар үчүн бирдиктүү жөлөкпул киргизүү маселеси да каралууда.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гулнара Баатырова мыйзам чыгаруу бутагы аркылуу министрликке колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгилеп, ведомствону демилгелерди жана сунуштарды активдүү сунуштоого чакырды.