ИИМ Ошто “Эмаком” компаниясынан жабыр тарткандар менен жолугушуу өткөрдү

ИИМ Ошто “Эмаком” компаниясынан жабыр тарткандар менен жолугушуу өткөрдү

Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгында “Эмаком” курулуш компаниясынан жабыр тарткан жарандар менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Ош ШИИБдин башчысы Дамир Исаков, тийиштүү кызматкерлер, компаниянын мурдагы директору Э.Р. Жусупов жана 80ден ашуун жабыр тарткан жарандар катышты.

Жарандар компаниянын камактагы мүлктөрүн колдонуп курулуш объектилерин бүткөрүү, чыгымдарды өндүрүү, ошондой эле бир батирди бир нече адамга сатуу сыяктуу фактылар боюнча чара көрүүнү талап кылышты.

Министрдин орун басары бардык арыз-даттануулар толук текшерилерин, козголгон кылмыш ишинин алкагында компаниянын директору камакка алынып, тергөө иштери уланып жатканын билдирди. Курулуш объектилери текшерилип, аныкталган мыйзам бузууларга укуктук баа берилет.

Ошондой эле компаниянын мурдагы директорунун социалдык тармактардагы билдирүүлөрү боюнча да текшерүү жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын