Жалал-Абадда мыйзамсыз сатылган 10 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик жер фондусуна таандык жалпы 10 гектар жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталды. Башкы прокуратурадан билдиришти.
Атап айтканда, 1999-жылы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызмат адамдары эт-сүт багытындагы “А” фермердик чарбасына мамлекеттик жер тилкесин жеке менчикке берүү жөнүндө мыйзамга каршы буйрук чыгарышкан. Бул буйрук боюнча жер участогуна жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик акт мыйзамсыз берилген.
Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында мыйзам бузуулар толугу менен жоюлуп, базар баасы 17 млн 831 миң 942 сомду түзгөн 10 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.