Жалал-Абадда Жер мунапысын бекитүү боюнча тапшырмалар берилди
Күн мурун Жалал-Абад облусунун прокуратурасында областтык прокурордун төрагалыгы алдында жер мунапысын бекитүү боюнча иштерди жөнгө салууга арналган кеңешме өткөрүлдү. Иш-чара Президенттин 2025-жылдын 15-декабрындагы Жарлыгы №364тү ишке ашыруу маселелерине арналган. Бул тууралуу Башкы прокуратурасынан билдиришти.
Кеңешмеге райондук администрациялардын башчылары, шаар мэрлери, ички иштер органдарынын жетекчилери жана жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиялардын төрагалары катышты. Жыйында комиссиялардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары каралып, кемчиликтерди ыкчам жоюу боюнча тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, жарандардын жер тилкелерин өз алдынча басып алуу аракеттерине жол берилбестиги жана мындай мыйзамсыз аракеттер үчүн жоопкерчиликтер тууралуу түшүндүрүү иштери күчөтүлөт. Кеңешменин жыйынтыгында прокурорлорго жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жана Жарлыкта каралган чараларды аткарууну көзөмөлдөө боюнча тапшырмалар берилди.