ӨКМ: жоокерлердин коопсуздугун 112 видеокөзөмөл камсыз кылат
Күн мурун өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбор барып, өздүк курамдын даярдыгы, борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Министр алгач аскердик кызматын өтөп жаткан жоокерлерден кабар алып, жатаканасынан, машыккан жайларына чейин көрүп чыкты.
Ошондой эле мөөнөттөгү жоокерлерге кысым көрсөтүүнү болтурбоо үчүн жатканаларга, машыккан жайларга коюлган 112 видеокамеранын иштөөсүн текшерип, үзгүлтүксүз камсыз болуусун тапшырды.
"Көп тил билген адамга дүйнө жарык. Аскердик кызматын өтөө милдетин аяктаганда түрк, англис тилдерин үйрөнсөңөр сиздер үчүн өзгөчө артыкчылык болот", – деген министр тил үйрөтүү курстарын уюштурууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.
Өз кезегинде мамлекеттик борбордун материалдык-техникалык базасын бекемдөө, жоокерлердин ашканасын, жатаканасын, медициналык пунктуна чейин заманбап деңгээлде жакшыртууну демилгеледи.




