Бишкекте жаңыланган Баластан бала бакчасы ачылды

Бишкекте жаңыланган Баластан бала бакчасы ачылды

Бишкек шаарындагы "Красный Строитель" конушунда жайгашкан №67 Баластан бала бакчасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Салтанаттуу аземге Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Билим берүү министри Догдуркул Кендирбаева, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, мэриянын өкүлдөрү жана райондун тургундары катышты.

Мэр Айбек Джунушалиев балдар бакчасынын максаты — балдарды окутуу жана өнүктүрүү экенин белгилеп, имаратта коопсуз жана сапаттуу шарттар түзүлгөндүгүн айтты.

Бала бакча 1984-жылы курулуп, 1991-жылга чейин иштеген. 2019-жылы муниципалдык менчикке кайтарылып, 2022-жылы 140 орундуу бала бакча катары ишке берилген. Капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин аркасында бала бакчанын сыйымдуулугу 140тан 246 балага көбөйтүлдү. Имараттын жалпы аянты 1488,4 чарчы метр, эки кабаттуу имарат толугу менен оңдолду, алты оюн аянтчасы орнотулду.

Долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылды. Подрядчы катары "Рим и Ко" ЖЧКсы иш алып барды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Бишкек 230 миң жоогазын менен көрктөндүрүлдү

Быйыл "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы борбор калаанын ар кайсы аймактарына 230 миңден ашык жоогазын отургузду. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, гүлдөр Эмен паркына, Дене тарбия гүл бакчасына, филармониянын аймагына, ошондой эле «Ынтымак-1» жана «Ынтымак-2» парктарына жана башка борбордук жайларга тигилип, шаарга өзгөчө көрк кошту. Жоогазындардын түрлөрү менен түстөрүнүн

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Ата мекендик продукцияны экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде айыл чарба продукциясын Кытай Эл Республикасы жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнө экспорттоо маселелерине арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйындын жүрүшүндө ата мекендик ишканаларды Кытайдын CIFER системасына жана Европалык Биримдиктин REX системасына каттоо маселелери талкууланып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкектеги Широкая көчөсү толук реконструкциядан өтүп жатат

Бишкек шаарындагы Широкая көчөсүнүн Новосельская көчөсүнөн Керамическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында ишке ашырылууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан бордюрларды орнотуу, тротуарларды куруу жана ирригациялык тармакты монтаждоо иштери аткарылууда. Адистер

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Ак-Буура дарыясынан дээрлик 317 миң куб метр таштанды чыгарылды

Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында ири тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата дарыянын нугунан жалпысынан 316 985 куб метр таштанды чыгарылды. Тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бардык зарыл күч-каражаттар жана атайын техникалар толук көлөмдө тартылган. Иш-чаралар дарыянын