Чүй облусундагы агродүкөндөргө мониторинг жүргүзүлдү

Чүй облусундагы агродүкөндөргө мониторинг жүргүзүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында Чүй облусунда агродүкөндөрдө жана агрозоовет сатуу жайларында мониторингдик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин, Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин жана Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө кызматынын жетекчилери катышты.

Мониторингдин максаты — мыйзамсыз, контрабандалык жана контрафакттык продукциялардын жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу жана көзөмөлдү күчөтүү.

Текшерүү учурунда минералдык жер семирткичтер, пестициддер, ветеринардык препараттар, көчөттөр жана уруктук материалдар каралып, уруксат берүүчү документтердин болушуна жана сактоо-сатуу талаптарынын аткарылышына көңүл бурулду.

Мындай мониторинг иш-чаралары республиканын бардык облус жана райондорунда системалуу түрдө улантылары айтылат маалыматта.

Мындан тышкары окуңуз

Алма көчөттөрүнөн кантип мол түшүм алса болот?

Алма көчөттөрүнөн кантип мол түшүм алса болот?

Бүгүн Суу, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин багбанчылык боюнча адиси Нурубек Малабаев М9 карлик көчөтүнүн тамырына уланган алма көчөттөрүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди. Карлик көчөт тамырлары интенсивдүү багбанчылык үчүн колдонулат, бирок мындай бактарды 1 гектарга отургузууда чыгымдар бир топ жогору болот. Ошондуктан,

Бишкекте 29 миң бала бала бакчалар кезегинде турат

Бишкекте 29 миң бала бала бакчалар кезегинде турат

Бишкек шаарындагы бала бакчаларга 36 миңден ашуун бала барып жатканын Агартуу министрлигинин коллегиясында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Анын айтымында, учурда 29 миң бала кезекте турат. "Акыркы беш жылдын ичинде Бишкек шаарында 26 бала бакча ачылды. Алардын 18и — жаңы курулган бала бакчалар, ал эми 8и мурда мыйзамсыз менчиктештирилип

Ысык-Көлдө электромобилдер үчүн заряддоо станциялары орнотулат

Ысык-Көлдө электромобилдер үчүн заряддоо станциялары орнотулат

Энергетика министрлиги экологиялык абалды жакшыртууга жана экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү планын колдойт. Мунун алкагында "Чакан ГЭС" ААК тарабынан Ысык-Көл облусуна жалпы 10 зарядоочу станция орнотот. Учурда жер тилкелерин ижарага алуу боюнча зарыл болгон документтер даярдалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Аталган 10 заряддоо станция төмөнкү аймактарга орнотулат:

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна 100 өлкөдөн коноктор келет

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна 100 өлкөдөн коноктор келет

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 100 өлкөдөн келген коноктор катышарын журналисттер менен болгон жолугушууда Маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, оюндардын ачылыш аземи Кыргызстандын борбору Бишкек шаарындагы "Бишкек-Аренада" өтөт. Ал эми негизги иш-чаралар Ысык-Көл облусундагы бир катар маданий объектилерде уюштурулат. "Биз дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараны өткөрүүгө даярданып жатабыз.