Россияда 66 кыргызстандыкка төлөнбөй калган айлык акы төлөнүп берилди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын 66 адамдан турган жамааттык кайрылуусу боюнча ПСО "Газспецстрой" ЖЧКсы менен зарыл иш-чараларды жүргүздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына толук көлөмдө 1 000 000 рубль суммасында эмгек акы төлөндү.
Бул кадам Кыргыз жарандарынын эмгек укуктарын коргоо жана мыйзамдуу төлөмдөрдү камсыздоо багытындагы маанилүү чара болуп саналат.