Ак-Жар конушунун көйгөйлөрү мэрдин жеке көзөмөлүндө
Кечээ Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Ак-Жар конушунун тургундары менен ачык диалог форматындагы жолугушуу өткөрдү. Шаардыктар өздөрүн түйшөлткөн маселелерди жана сунуштарын түздөн-түз айтып, мэрия өкүлдөрү менен талкуулашты.
Муниципалиттетен билдиришкендей, жолугушууда тургундар жер амнистиясы, жолдорду оңдоо, балдарды мектептерге ташуу үчүн транспорт маселелери, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, ФАП жана башка социалдык объекттерди куруу зарылдыгын көтөрүштү.
Жолугушуунун жыйынтыгында мэр Свердлов районунун администрациясына жана Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктура департаментине Ак-Жар конушунун негизги көчөсүн оңдоону жана асфальттоо иштерин баштоо боюнча чараларды биргелешип иштеп чыгууну тапшырды. Бул коомдук транспорттун толук кандуу каттамын камсыздоого багытталган.
Мындан тышкары, шаардык кызматтарга ФАП жайгаштырууга ылайыктуу жер тилкесин аныктоо жана даярдоо, ошондой эле зарыл уюштуруучулук жана техникалык иштерди карап чыгуу тапшырылды.
Ошондой эле мектептерде окуган балдарды коопсуз жана өз убагында ташып келүү маселеси өзгөчө көңүлгө алынды.
Айбек Джунушалиев мэриянын бардык кызматтары берилген тапшырмаларды өз убагында аткарууга колдоо көрсөтөрүн жана аткарылышын жеке көзөмөлдө кармай турганын белгиледи.



