Кыргыз балык чарбасы Анталиядагы эл аралык көргөзмөдө өз продукциясын таанытты
4-8-февраль күндөрү Түркия Республикасынын Анталия шаарында суу биоресурстарын өстүрүү боюнча 11-илимий-практикалык семинар жана Аквакультура боюнча 1-эл аралык көргөзмө болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын балык чарба тармагындагы "Аква Пром" ЖЧКсы, "Эфтар Агро Комплекс" ЖЧКсы, "Салих и Ко" ЖЧКсы, ошондой эле BioJem заводу катышып, өз продукцияларын эл аралык деңгээлде тааныштырышты.
Көргөзмөдө балык жана деңиз азыктары, анын ичинде форель икрасы жана ышталган балык азыктары, ошондой эле аквакультура үчүн атайын тоют продукциялары сунушталды.
Алгачкы жолу семинар эл аралык көргөзмө менен биргеликте өткөрүлүп, ар кайсы өлкөлөрдөн илимдин, бизнестин, инвесторлордун, мамлекеттик органдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту.
Аквакультура туруктуу азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун, экономикалык өнүгүүнүн жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануунун маанилүү багыты катары белгиленди.