Тынчтык жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алды

Тынчтык жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алды

КРнын айрым мыйзам актыларына, укук бузуулар жөнүндөгү кодексине, укук бузууларды алдын алуу негиздери жана тынчтык жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамынын долбоору бүгүн ЖКтин отурумунда, биринчи окууда жактырылды.

Бул боюнча КРнын ИИМнин орун басары Октябрь Урмамбетов баяндама жасап, 2025-жыл ичинде 102 байланыш телефон аркылуу ИИМге 164 432 ар кандай чалуу келип түшкөн. Анын ичинен ызы чуу боюнча 5705 чалуу катталган.

“Бүгүнкү күндө КРнын укук бузуулар кодексинин 82-беренесин кароо укугу ушул кодекстин 465-беренеси менен бир эле ыйгарым органга жүктөлгөн. Тагыраагы Саламаттыкты сактоо чөйрөөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга. Тажрыйба көрсөткөндөй чалуулар түнкү убакта катталып жаткандыгын эске алуу менен ушул мыйзам долбоору сунушталууда. Ага ылайык, жарандардын тынчтыкка болгон укуктарын коргоо максатында мыйзам долбоору менен Саламаттыкты Сактоо чөйрөсүнө ыйгарым укуктуу органына, ички иштер органдарыына жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү алдын ала ишчараларын жүргүзүүгө укуктарды берүү сунушталууда” – деди Урмамбетов.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов белгилегендей, мыйзам долбоору жарандардын укуктарын коргоо жана алардын ден соолугун белгиленген ченемдерден ашкан үн басымынын жана ызы-чуунун зыяндуу таасиринен сактоо максатында иштелип чыккан.

Мыйзамдын долбоорун талкуулоодо, эл өкүлү Махабат Мавлянова баланын ыйлагандыгы –адамдык фактор экенин белгилеп, токтом чыгарууда эске алууну сунуштады.

Өз кезегинде, ИИМ министринин орун басары, бала ыйлаган жана андан башка ар кандай шарттар Министрлер кабинетинин токтому менен көрсөтүлө тургандыгын жана аталган мыйзам колдонулуп жаткан башка мыйзамдарга жана эл аралык келишимдерге карама-каршы келбестигин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Республикалык тестирлөөгө дээрлик 57 миң абитуриент катталды

Республикалык тестирлөөгө дээрлик 57 миң абитуриент катталды

Кыргызстанда 56 миң 861 абитуриент Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) сынагына ийгиликтүү катталганын Билим берүүнү баалоо жана окутуу методдору борбору билдирди. Арыздар системасынын маалыматына ылайык, жалпы берилген арыздардын саны 65 миң 389ду түздү. Анын ичинен: * кыргыз тилинде — 36 миң 289 катышуучу; * орус тилинде — 29,1 миң катышуучу. Мындан тышкары: * 7 миң

Новопавловка айылында 3 млн сомдук маркаланбаган мотор майы кармалды

Новопавловка айылында 3 млн сомдук маркаланбаган мотор майы кармалды

Бишкек шаарынын Ленин районунун Новопавловка айылындагы рейдде акциздик маркасы жок мотор майларын мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысы аныкталганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, текшерүүдө маркаланбаган ар кандай идиштердеги 294 даана мотор майы табылды. Продукциянын жалпы көлөмү 10 миң 824 литр болуп, жалпы суммасы болжол менен 3 млн сомду түздү.

"Тазалык" ишканасынын абоненттик аласасы 244 млн сомго жетти

"Тазалык" ишканасынын абоненттик аласасы 244 млн сомго жетти

Бишкек шаарындагы Тазалык муниципалдык ишканасы катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн төлөмдөр боюнча карыздарды аныктоо максатында рейддерди күчөтөт. Ишканадан билдиришкендей, текшерүүлөр жарандарды гана эмес, жеке чарбаларды жана кызмат акысын системалуу түрдө төлөбөгөн ишкерлерди да камтыйт. Айрыкча узак убакыттан бери карызы бар абоненттерге өзгөчө көңүл бурулат. 2026-жылдын 1-мартына карата жалпы карыздын суммасы

Быйыл Кыргызстанга келген туристтер 10%га өсүшү ыктымал

Быйыл Кыргызстанга келген туристтер 10%га өсүшү ыктымал

Кыргызстанда 2026-жылы туризм тармагынын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизе турган масштабдуу иш-чаралар өтөт. Негизги окуялардын бири учурда кызуу даярдык жүрүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, дүйнөдөгү кырдаалга карабастан, Кыргызстанга чет элдик туристтердин агымы көбөйөт деп болжолдонууда. “Ушуга байланыштуу