24 куткаруучу көчкү алдында калган жаранды издөөгө чыкты
Кечээ, Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагынын Бороондуу жайлоосунда 1967-жылы туулган Д.А. аттуу жаран 50 баш кой жана 1 аты менен кар көчкүнүн алдында калган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, аны издөө максатында, бүгүн, 13-февралда ӨКМдин аймактык башкармалыктарынан жана ведомстволук түзүмдөрүнөн жалпы 24 куткаруучу издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн жерине жөнөп кетишти.

Бишкек–Ош унаа жолунда кардын калың жаашына байланыштуу жолдун айрым тилкелеринде кар көчкү түшүүдө жана коркунуч сакталуу бойдон калууда. Ушуга байланыштуу ӨКМ 2026-жылдын 12-13-14-февраль күндөрү Бишкек–Ош багыты боюнча жолго чыгууда өтө этият болууга чакырат.