№61 мектептин жанындагы курулуш объектисиндеги иштер токтотулду

№61 мектептин жанындагы курулуш объектисиндеги иштер токтотулду

КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине Бишкек шаарындагы №61 жалпы билим берүүчү орто мектепке чектеш жайгашкан 14 кабаттуу турак жай объектисинде курулуш иштери жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу кайрылуу келип түшкөн.

Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Эрназарбек Суерекулов билдирүүсүнө караганда, бул объектиде курулуш иштери буга чейин токтотулган. Бүгүнкү күндө куруучулар тарабынан курулуш аянтын консервациялоо иш-чаралары жүргүзүлмөк. Бирок “Action” ЖЧКсы курулуш объектисинде бетон кую иштерин баштап жаткандыктан, анан иши токтотулуп, курулуш объектисине министрлик тарабынан мөөр басылып жабылды.

Белгилей кетсек, мындан бир нече күн мурда Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, аталган мектепке чектеш объекттеги курулуш иштери токтотулган.

Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан объекттин мыйзамдуулугу жана балдардын коопсуздугу боюнча кошумча текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

0:00
/0:56

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте филармониянын фонтандары толугу менен реконструкцияланат

Бишкекте филармониянын фонтандары толугу менен реконструкцияланат

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы фонтандарды реконструкциялоого даярдык көрүүнүн алкагында учурда демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, демонтаж иштери аяктагандан кийин фонтан комплексин толук реконструкциялоо этапы башталат. Долбоордун негизинде конструктивдик элементтер жаңыланып, инженердик системалар модернизацияланат. Ошондой эле айланасындагы аймак көрктөндүрүлөт. Белгилей кетсек, фонтан комплекси акыркы жолу 2002-жыл

Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлөт

Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлөт

Бүгүн Экономика жана коммерция министрлиги караштуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов радионун түз эфиринде Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик түзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, тиешелүү жарлыкка өткөн жумада Садыр Жапаров кол койгон. Жаңы мамлекеттик орган Министрликтин түзүмдөрүн кайра уюштуруунун негизинде түзүлөт жана Министрлер Кабинетине караштуу болот. Касымов белгилегендей, бул

Быйылкы жылдын 3 айында Ысык-Көлдөн 16 900 метр тор алынды

Быйылкы жылдын 3 айында Ысык-Көлдөн 16 900 метр тор алынды

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Туристтик-экологиялык милиция кызматы 2026-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгын чыгарды. Облустук милициядан билдиришкендей, бул мезгил аралыгында Көлдүн акваториясынан жана кармалган жарандардан жалпы узундугу 16 900 метрди түзгөн синтетикалык торлор конфискацияланган. 300 даана балык мыйзамсыз уулоо учурунда алынып, тиешелүү кызматтарга өткөрүлөн. Алдын алуу иштеринин натыйжасында жарандар өз ыктыяры

Ысык-Көл суусу кескин тартылып жатабы?

Ысык-Көл суусу кескин тартылып жатабы?

Ысык-Көл жээгинде жашаган тургундар көлдөгү суунун деңгээли байкаларлык төмөндөп жатканын билдиришүүдө. Алардын айтымында, өзгөрүүлөр айрыкча акыркы айларда күчөгөн. Жергиликтүү эл мунун экологиялык кесепеттери болушу мүмкүн деп тынчсызданууда. Жергиликтүү тургундар бийликти жана коомчулукту бул маселеге көңүл бурууга жана көлдүн суу ресурстарын сактоо боюнча чараларды көрүүгө чакырышууда. Ысык-Көл Кыргызстандагы негизги жаратылыш символдорунун