Башкы прокуратурада жаңы дайындоолор
Баймурза Маатов Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, Малик Бектурганов Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды.
Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык КРнын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Маатов Баймурза Турдахунович ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, анын ордуна Малик Бектурганов Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды.
Мындан сырткары Президенттин дагы бир тескемесине ылайык, Акназаров Залкарбек Каримжанович Башкы прокурордун орун басары болуп дайындалды.