Бишкек базарларында уй эти 800 сомдон сатылып жатканы аныкталды

Бишкек базарларында уй эти 800 сомдон сатылып жатканы аныкталды

15-февралда Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жергиликтүү администрациялар жана базарлардын жетекчилиги менен биргеликте Бишкек шаарындагы базарларда түшүндүрүү рейддерин өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Иш-чара 2026-жылдын 31-январынан тарта уй жана кой этинин (сөөксүз эттен башка) баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилгенине байланыштуу уюштурулган.

Маалыматка ылайык, мониторинг Аламедин, Ош жана Орто-Сай базарларында жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында эттин чекене базар баасы орточо эсеп менен 1 кг үчүн 680 сомду түзгөн.

Ошол эле учурда айрым соодагерлердин этти 700, 780 жана 800 сомдон сатып жаткан учурлары аныкталган. Мындай сатуучуларга эскертүү берилип, мыйзам бузуу кайталанган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик чаралары колдонулары түшүндүрүлгөн.

Антимонополия кызматы сатуучуларга "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамдын талаптарын эске салды. Ага ылайык, соода түйүндөрүндө баалар расмий үлгүдөгү баа белгилери менен көрсөтүлүшү керек, кол менен жазылган кагаздарга жол берилбейт. Ошондой эле таразалардын текшерүүдөн өтүшү жана алардын жарактуулук мөөнөтү да көзөмөлдөндү.

Ведомствонун маалыматына караганда, мындай рейддик иш-чаралар республика боюнча ар кайсы соода түйүндөрүндө күн сайын жүргүзүлүп турат.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө 534төн ашык жеке жана 6 мамлекеттик балык чарба бар

Өлкөдө 534төн ашык жеке жана 6 мамлекеттик балык чарба бар

Кыргызстанда жалпысынан 540тан ашык балык чарбасы катталганын Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, аталган балык чарбалары ветеринардык-санитардык нормаларга дал келип, талаптар менен ченемдерге ылайык салынган. "Бүгүнкү күндө балык чарбасы айыл чарба тармагынын приоритеттүү багыттарынын бири

Быйыл Кыргызстан көлдөрүнө 30 миллиондон ашык чабак коё берилет

Быйыл Кыргызстан көлдөрүнө 30 миллиондон ашык чабак коё берилет

Быйыл Ысык-Көлгө 2 млн 700 миңден ашык балык чабактары коё берилгенин Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, мында форель жана сига-лудога балык чабактары коё берилген. "Учурда балыктандыруу иш-чаралары жүрүп жатат. Ысык-Көлдөн тышкары, Соң-Көлгө 4 миллиондон

Бишкектин айрым аймактарында эртең муздак суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында эртең муздак суу өчүрүлөт

7-апрелде саат 09:00дөн 8-апрелге караган түнкү 02:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик жана өндүрүш объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотуларын Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Суу өчүрүлө турган аймактар: * Алыкулов — Кустанай — Муром — Садыгалиев — Лев Толстой көчөлөрүнүн аралыгы, ошондой эле Coca-Cola заводунун аймагы; * Садыгалиев

ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү Бишкектеги калдыктарды кайра иштетүү заводун көрүштү

ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү Бишкектеги калдыктарды кайра иштетүү заводун көрүштү

ШКУга мүчө мамлекеттердин айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин көзөмөлдөгөн министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин жетинчи жыйынынын жана эксперттеринин отурумуна катышкан делегаттар үчүн катуу тиричилик калдыктарынан электр энергиясын өндүргөн экологиялык заводго тааныштыруу экскурсиясы өткөрүлгөнүн мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, мэрдин орун басары Рамиз Алиев экскурсияда катышуучуларга ишкананын ишмердүүлүгү, калдыктарды кайра иштетүүнүн заманбап технологиялык процесстери,