Бишкекте "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна маданий борбор курула баштады
Бишкек шаарынын мэриясы мурда демилгелеген долбоор боюнча "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борборду куруу иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы объекттин айланасына тосмолорду орнотуп, имаратты демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
"Чатыр-Көл" кинотеатры 1967-жылы Ботаникалык конушунда (азыркы Токтоналиев көчөсү) ачылып, 600 орундуу көрүү залы менен райондук маданий-эс алуу объектилеринин катарына кирген. Убакыттын өтүшү менен имарат өз максаты боюнча ишин токтотуп, 2010-жылы мамлекеттик "Учур" жаштар театрынын карамагына өткөрүлгөн, бирок капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн эмес.
2025-жылдын 5-ноябрында кинотеатрда өрт катталып, имарат олуттуу жабыркаган. Ошондон кийин Бишкек шаарынын мэри жерине барып, жаңы долбоорду тез арада ишке ашырууну тапшырган.
Учурда долбоорлоо иштери жүрүп, имараттын ордуна заманбап маданий борбор куруу пландалууда.


